Бишкек: улгайган аялды өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды

Бишкекте 60 жаштагы аялдын өлүмүнө шектүүлөр кармалды. Шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, 22-февралда түштө Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан үйдөн жашамал аялды башка атып кетишкен.

Окуя боюнча "адам өлтүрүү" беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Иликтөөнүн жүрүшүндө бул кылмышка шектүү делип 1953-жылы туулган Чүй облусунун тургуну жана анын мурдагы аялы, мындан тышкары 37 жаштагы жаран баңгизат менен кармалган. Алардан мыйзамсыз сакталган "Макаров" үлгүсүндөгү курал үч огу менен, травматикалык жана пневматикалык тапанчалар алынган.

Кармалгандар азыр Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды, тергөө-иликтөө иштери уланууда. Милиция кылмышка тоноочулук себеп деген божомол каралып жатканын билдирди. Үйдөн чоң суммадагы акча жоголгону ачыкка чыккан. Кандуу окуя учурунда үйдө маркумдун бир жашар небереси да бар болгон. Анын үйдө небересин карап отурганы, "Дордой" базарында контейнер ижарага берип иштетип келгени айтылууда. (NT)