Түрк элчилиги учактагы жүк тууралуу билдирүү таратты

Туркиянын Кыргызстандагы элчиси Метин Кылыч.

Элчилик тараткан билдирүүдө Кыргызстандагы маалымат каражаттарында "АСТ" компаниясына таандык учактагы жүктүн ээси тууралуу жасалма документтерге негизделген маалыматтар тараганы айтылып, бул маалыматтарды олуттуу кабыл алууга мүмкүн эместиги айтылат. Ошондой эле элчилик 16-январда "Манас" аэропортуна жакын жерде кыйраган учакты Кыргызстандагы күнүмдүк саясий талкууга айландырып, ага Түркия мамлекетин да тартууга аракеттер болуп жатканына өкүнүчүн билдирген.

"Түркия Кыргызстан менен чейрек кылымдан берки дипломаттык кызматташуу мезгилинде бул өлкөдөгү саясий туруктуулукту жана социалдык макулдашууларды колдоо үчүн салымын кошуп келди жана мындан ары да кошо берет", деп айтылган билдирүүдө.

1-мартта Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Метин Кылыч Кыргызстандын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен жолугушууда "кырсыктаган учактагы жүктөр боюнча оппозиция жарыялап жаткан документтер жасалма" экенин билдирген эле.

Ошол эле күнү "Ата Мекен" партиясынын юристтери Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азиз журналисттерге маалымат жыйынын куруп, быйыл 16-январда "Манас" аэропортунун жанындагы Дача СУ айылында кыйраган учактагы жүк Атамбаевге жана анын аялына таандык болгонун айтып чыгышкан. "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди аталган маалыматтарды жарыялаганга жеткирбей камашты деп билдиришкен. (ZKo)