Оскар: жеңүүчүнү алмаштырып алгандар салтанатка мындан ары катышпайт

"Ай нуру" киносуна сыйлык.

Өткөн жекшембиде Оскар сыйлыгынын ээлери жазылган конверттерди алмаштырып алган Pricewaterhouse Copers компаниясынын кызматкерлери мындан ары бул салтанаттарга катышпай турган болушту.

Брайан Каллинэн жана Марта Руис сахнага чыгып жаткан актерлорго жеңүүчүлөрдүн аттары жазылган конверттерди берип турушкан. Сөз болгон компания 80 жылдан бери Оскар менен кызматташып, добуш берүүнүн купуялуулугун камсыздап келатышат. Бирок 26-февралда жылдын мыкты фильмин жарыялап жатканда Каллинен адашып мыкты актриса деген конвертти берип койгон. Анда "Эми Стоун. Ла-Ла-Ленд" деп жазылып турган. Ошентип "Ла-Ла-Ленд" жеңүүчү деп жарыяланып калган.

Сыйлыкты алуу үчүн сахнага чыккан фильмдин продюсерлери катаны оңдоп, мыкты фильм "Ай нуру" экенин айтышкан. Азем аяктагандан кийин компания бул катачылык үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган.