Чыңгыз Айматов атындагы Орус академиялык драма театрында Бурул Калчабаеванын “Бөрү заман же Үркүн эки өспүрүмдүн көзү менен” спектакли жүрүп жатат.
Бул драма Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жарыялаган Үркүн боюнча пьесалар сынагында жеңүүчү болуп табылган.
Министрлик 1916-жылдагы кандуу окуяны чагылдыруу боюнча сынак жарыялап, конкурска түшкөн 24 пьесадан комиссия Бурул Калчабаеванын чыгармасы менен катар Жаныш Кулмамбетовдун “Осмон жана Ольга“ жана Табылды Актановдун “Кылым мүшкүлү“ аттуу үч пьесасын жеңүүчү деп тапкан.
“Бөрү заман же Үркүн эки өспүрүмдүн көзү менен” спектаклин Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук куудулдар театры сахналаштырды. Аны жаш режиссер Жаңылай Исакова койду. (ZA)