Депутат: Так илимдерге караганда адеп сабактарын күчөтүү керек

Махабат Мавлянова

Бүгүнкү күндө Кыргызстанга так илимдерге караганда адеп сабактары көбүрөөк керек болууда. Мындай пикирин бүгүн парламент жыйынында сүйлөп жатып "Республика Ата-Журт" фракциясынан депутат Махабат Мавлянова билдирди.

Ушу тапта Кыргызстан кылмыштуулук деӊгээли боюнча КМШ өлкөлөрүнүн арасында алдыӊкы үчилтикте экенин айткан депутат:

- Азыр мектептерде адеп сабагы аптасына бир жолу өткөрүлөт. Ал 8-класска чейин эле окутулат экен. Адеп сабагын аптасына эки жолу 11-класска чейин окутуу, сабактын сапатын жогорулатуу чараларын көрүү зарыл. Ошондой эле, мектептерден тышкары, адеп сабагын жогорку жана кесиптик окуу жайларына да киргизүү жагын ойлонуп көрүшүбүз керек, - деп кошумчалады. (RY)