Кыргыздарды корейге айланткан жетекчилерге кылмыш иши козголду

Свердлов ЗАГС бөлүмү берген документтердин бири.

Бишкек шаардык калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин райондук бөлүм башчыларына кылмыш иши козголду. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, алар Кылмыш кодексинин "304-315-кызмат абалынан кыянат пайдалануу, документ жасоо" беренелери боюнча айыпталууда.

Буга чейин Түштүк Кореяга барып иштөө үчүн ондогон кыргыз жарандары жергиликтүү этникалык корейлер менен формалдуу никеге туруп жатканын, 3 миң доллардан 7 миң долларга чейин ортомчуларга акча берип, алданып калганын "Азаттык" радиосу жазып чыккан.

Бул боюнча Башкы прокуратура текшерүү жүргүзүп, Бишкек шаарынын Ленин, Свердлов, Биринчи Май жана Октябрь райондук ЗАГС бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлери 2016-жылдын июнь-сентябрь айларында Кыргызстандын 56 жаранын мыйзамсыз ажыраштырып, кайра никеге тургузуп жана фамилия алмаштырганын аныктаган. Аталган органдын билдиришинче, айыпталган кызматкерлер өз кызыкчылыгын көздөп, «Б.А.ЛТД» жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлдөрү менен биргеликте Түштүк Кореяга жарандарды жеңилдетилген шартта, тоскоолдуксуз жөнөтүп турушкан. Башкы көзөмөл органы тиешелүү материалдарды УКМКга өткөрүп берди.

Февралдын башында Түштүк Кореяга кетүү максатында аты-жөнүн корейче өзгөрткөн 20га чукул жаран Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрүн шылуундар менен кызматташып, документ жасашат деп айыптап, "Азаттык" радиосуна кайрылышкан болчу. Цой, Ким, Ем, Пак жана башка корей ысымдары менен паспорт алып, бирок чет өлкөгө кете албай алданып калган жарандардын саны 100дөн ашарын билдиришкен. Бирок, алардын он алтысы гана укук коргоо органдарына кайрылган, калгандары корей ысымдары менен Кореяда иштеген туугандарына залака тийбесин деген жүйө менен арыз жазган эмес.

Расмий маалыматка таянсак, ушул тапта Түштүк Кореяда иштеген кыргызстандыктардын саны 15 миңге чукул. Алардын канчоо маянасы көп жумуш табуу үчүн аты-жөнүн өзгөртүүгө аргасыз болуп иштеп жатканы белгисиз. (NT)