Парламенттин 1-марттагы жыйынында "Бир Бол" фракциясынын лидери, депутат Алтынбек Сулайманов Леонид Маевский Кыргызстанга 1 миллион долларды кантип алып өткөнү суроо жаратып жатканын билдирип, УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевге кайрылды. Ал Кыргызстанга кирген учурда 10 миң доллардан ашуун каражат үчүн бажы декларациясы толтурулушу керектигин эске салды:
- 10 миң доллардан ашык акчаны жеке жактар биздин мамлекетке алып кирсе, же банк аркылуу келсе ушундай талап коюлат. Андыктан Маевский берди деген акчанын каяктан келгенин иликтеш керек. Аэропорттон көзөмөлдөн өтүп жатканда Бажы, Чек ара кызматы, УКМК, баары ошол жерде турушат. Кыргызстанга кирген 1 миллион долларды булар кантип, эмне деп документте толтурушканын такташыңар зарыл.
Сулайманов эреже боюнча акчанын ээси да анын эмнеге багытталганын түшүндүрүүгө тийиштигин, анын пара же аткезчилик болгонун иликтеп чыгууга чакырды. Пара бергендерге кылмыш ишин козгоону сунуштады.
Абдил Сегизбаев акча Кыргызстанга кантип келгенин так айта алган жок, ал эми укук коргоо органдары пара бергендерге чара көрөрүн убада кылды.
"Ата Мекен" партиясынын жана парламенттеги фракциянын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев 27-февралда Түркиядан келген учурда “Манас” аэропортунан кармалып, УКМКга эки айга камалган. Башкы прокуратура ага орусиялык жаран Леонид Маевскийден 2010-жылы бир миллион доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин кошумчасы менен кайтарып берерин айткан деген негизде “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, атайын кызматка өткөрүп берген.
Депутат жана анын адвокаттары муну "атайын уюшулган иш" катары сыпаттап келишет. Тарапкерлери, партиялаштары, жакындары жана жарандык активисттер Текебаевди бошотуу талабы менен Бишкекте жана Базар-Коргон районунда митинг өткөрүп жатышат. Текебаевге козголгон кылмыш иштин алкагында Дүйшөнкул Чотонов да кармалды. 2010-жылдан кийин өзгөчө кырдаалдар министри, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси болуп эмгектенген Чотонов бул иш боюнча коюлган айыпты четке кагууда.
Парламент бүгүн Текебаевдин камалышы боюнча УКМК төрагасы, башкы прокурордун маалыматын укту. (NT)