Илим Карыпбеков эсине келди

Илим Карыпбеков.

Жол кырсыгынан оор жараат алган КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков операциядан кийин эсине келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, Карыпбеков жаткан Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков анын абалында жылыш бар экенин айткан. Ошондой эле ал түндө эмне болгонун эстей алган эмес, өзү менен кошо эч ким жабыркаган жокпу деп сураган.

ИИМдин жол кайгуул кызматы тараткан маалымат боюнча, КТРК жетекчиси жол кырсыкка 1-март күнү саат 3:19да кабылган. Анын башкаруусундагы «Рейндж-Ровер» автомашинасы түштүк магистралдагы “Сенатор” кафесинин бет маңдайындагы жолтосмодон өтүп, мамыны сүзгөн. Автоунаанын ичинде Илим Карыпбековдон башка эч ким болгон эмес. Кырсыктан кийин ага эки саат бою операция жасалды.