Текебаевдин адвокаты сотко апелляциялык арыз берди

Текебаевдин камакка алынышы нааразылыктарды жаратты.

Өмүрбек Текебаевдин адвокаты Биринчи Май райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна кайрылды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна адвокат Чынара Жакупбекова билдирди. Анын ырасташынча, 27-февралдагы сот чечими өтө чукул убакытта кабыл алынды. Мындан улам Текебаевдин тарапкерлери анын алдын ала даярдалганын айтышууда.

Депутаттын баш коргоо чарасы 27-февралда Биринчи Май райондук сотунда каралмак. Бирок, сот ишти өзүнүн имаратында эмес, аскердик соттун мурдагы имаратында карап, Текебаевди эки айга камакка алуу тууралуу чечим чыгарган.

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге "коррупция" жана "алдамчылык" беренесинин негизинде Башкы прокуратура иш козгоп, аны УКМК тергөөдө. Кылмыш ишинин ачылышын "атайын уюштурулган" деп сыпаттаган депутатты коопсуздук комитети 26-февралда таңга жуук Стамбул-Бишкек аба каттамы менен келген учурда камакка алган. Атайын кызмат бул кылмыш ишинин алкагында мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Дүйшөнкул Чотоновду да кармап, сот аны дагы 25-апрелге чейин камакка алды. Ал да тагылган айыпты четке кагууда. (NT)