Беларуста активисттер мемориалды коргоодо алгачкы жеңишке жетишти

Активисттер Минскиге жакын жердеги мемориалдын жанына бизнес-борбор курууга каршы чыгышты. Мемориал 1930-1940-жылдары советтик мезгилде өлтүрүлгөн 30 миңдей адамга орнотулган.

Бизнес-борбордун курулушуна каршы чыккандардын 27-февралдагы “Жашасын Беларусь” деген кыйкырыгы астында курулуш баштоого келген трактор жана бульдозерлер ал жерден кетүүгө аргасыз болушту. Бирок курулуштун жетекчиси иш бир күнгө гана токтотулганын, ал кайрадан уланарын эскертти. Нааразылык акциясына чыккандар курулушту дароо токтотуп, Иосиф Сталин убагындагы курмандыктарды урматтоого чакырышты. (AiT)