Атамбаев: өлкөдө эми кол тийгистер жок

Алмазбек Атамбаев.

Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев 27-февралда апрель окуясында жабыркагандар жана жарандык активисттер менен жолугушкан учурда билдирди. Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү кабарлагандай, жабыркагандардын сунушу менен болгон жолугушууда алар мародерчулукка айыпталган айрым саясатчылар жазадан качуу аракетин көрүүдө деген нааразылык билдиришкен. Атамбаев Кыргызстанда кол тийбестик деген түшүнүк жок деген жооп кайтарды:

- Эч кандай бийликке басым көрсөтүү аларга жардам бербейт. Өлкөдө эми кол тийгистер жок. Бул бардык бийлик бутактарынын азыр иштеп жаткан жетекчилерине да, мурда иштегендерине да тийиштүү. Ал эми өлкөбүздүн келечеги үчүн курман болгондордун эрдиги аркасында 7-апрелден кийин өлкө жетекчилигине келгендердин эл алдындагы жоопкерчилиги эки эсе жогору!

Өмүрбек Текебаев 26-февралга караган түнү "Манас" аэропортунан Стамбулдан Бишкекке келген маалда кармалган. Башкы прокуратура ага "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, УКМКга өткөрүп берген. Буга депутаттын партиялаштары, тарапкерлери нааразы болуп аны бошотууну талап кылып жатышат.

Өмүрбек Текебаев өзүнө карата козголгон иш атайын пландалганын билдирген. Ал акыркы айларда Атамбаевдин байлыгын, айрыкча 2010-жылдан кийинки киреше-чыгашасын иликтеп жүргөн жана президентке импичмент жарыялоо демилгесин да көтөргөн. (NT)