Орусия Тажикстанга 40 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Тажикстанда кар көчкүлөр көп болду.

Орусия президенти Владимир Путиндин Дүйшөмбү сапарына эки күн калганда Тажикстандагы табият кырсыгынан жабыркагандарга гуманитардык жардам жөнөттү. Жүк чатырлардан, жылуу төшөнчүлөрдөн жана башка зарыл болгон буюмдардан турат.

Орусия бийлиги Тажикстандагы табият кырсыгынан жабыркагандарга жардам көрсөтүүнү Путин жеке өзү тапшырганын билдирди. Ага ылайык, жүк Тажикстандын эл аралык коомчулуктан жардам сурап кайрылганына байланыштуу жана 1997-жылкы табият кырсыктарын жоюу тууралуу эки тараптуу макулдашуу алкагында жөнөтүлдү.

Тажикстанда акыркы бир ай ичинде эле кар көчкүлөрдөн 17 киши мерт болуп, бир канча адам көчкү алдынан куткарылган. Табият кырсыгы өлкөнүн экономикасына залакасын тийгизгени, ондогон айылдар кар туткунунда калганы айтылууда.

Буга чейин Тажикстан ТИМи дипломатиялык өкүлчүлүктөргө жана эл аралык уюмдарга кайрылып, тоолуу аймактарга түшкөн кар көчкүнүн кесепеттерин жоюуга жардам сураган. Өлкө кар тазалоо техникасына, күйүүчү-майлоочу майга, азык-түлүк товарларына, дары-дармекке жана медицина каражаттарына муктаж экени кабарланган.