Текебаевдин колдоочуларынын митинги
Бишкекте УКМКнын алдындагы митинг.
УКМКнын алдында турган милиционерлер.
УКМК имаратынын алдында өтүп жаткан митингде экс-президент Роза Отунбаева өлкөдөгү бардык саясый күчтөрдү чогулуп, сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырды.
- Биргеликте кайсы жолго баратабыз, кандай жолду тандайбыз деген суроолорго жооп издешибиз керек, - деди Отунбаева.
Ал азыркы бийликке кайрылып Өмүрбек Текебаевдин аброюна жараша сый мамиле жасоого чакырып, жок эле дегенде үй камагына чыгаруу керектигин айтты:
"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев.
УКМКнын жанындагы милициянын автобусу.
Мурдагы Баш прокурор, «Ата Мекен» фракциясынан депутат Аида Салянова.
Президенттик аппараттын мурдагы башчысы, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Эмилбек Каптагаев, экс-президент Роза Отунбаева.
Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов.
Оштогу митинг.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош шаарындагы кеңсесинин алдына бүгүн элүүдөй адам чогулуп, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди бошотууну талап кылышты. Андан ары маалымат жыйын курушуп, саясий куугунтукту токтотууну бийликтен талап кылып, тарап кетишти.
Алар талаптар аткарылбаса, нааразылык акциялар улана турганын билдиришти.