Аэропортто кармалган 10 адам эки суткага камалды

"Манас" аба бекети.

Мындай чечимди Сокулук райондук соту чыгарганын "Ата Мекен" партиясынын катчылыгы маалымдады. Алар "милицияга баш ийбегени үчүн" административдик жоопкерчиликке тартылган. Кармалган он адам соттун чечимине ылайык, эки сутка Сокулук РИИБисинде болушат.

Бүгүн таңда "Ата Мекен" партиясынын жаштар канатынын өкүлдөрү партия лидери Өмүрбек Текебаевди тосуп алуу үчүн "Манас" аба бекетине барганда Сокулук районунун милициясы кармап, алып кеткен.

Жалпысынан 14 адам райондук милиция бөлүмүнө жеткирилип, кийин төрт журналист бошотулган.

Партия катчылыгы милиция мыйзамды одоно бузуп, адамдарды кармап кеткенин билдирип, соттун чечими менен макул болбой, доо арыз менен кайрылмай болду.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн таңкы саат үчтөрдө “Манас” аэропортунда Туркиядан учак менен келгенде кармалган. Бир күн мурун Башкы прокуратура ага “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Өмүрбек Текебаев өзүнө карата козголгон иш УКМК тарабынан атайын пландалганын билдирген. Ал акыркы айларда Атамбаевдин байлыгын, айрыкча 2010-жылдан кийинки киреше-чыгашасын иликтеп жүргөн жана президентке импичмент жарыялоо демилгесин да көтөргөн. (SDz)