"Ажардын" жаңы образы

Сахнага чыгуу алдында.

Жигиттер кийим алмаштыруучу, гриммденүүчү бөлмө.

Элге "Сакиш" деген ат менен таанымал болгон актриса Айнура Тургунбаева уйгур айымдын ролунда.

Көрүүчүлөр чогула баштады. Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры жүз он орундуу. 

Театрдын көп жылдан бери оңдоп-түзөлө элек коридорунда ойлуу отурган актер. 

 Оюн башталды. Сахнада мындан жүз жыл илгери тынчтык күндө өтүп жаткан кыргыз турмушу. 

Жер кезген дербиш жергиликтүү элге Орус падышачылыгы балдарын аскерге алып кетери тууралуу кабар жеткирди.

Орус аскерлери менен кагылышкан эл өз эркиндигин издеп чыгууга бел байлады. 

Ажар бир үй-бүлөнүн жалгыз кызы. Кичинесинен атасына жакын чоңойгон. Ошондуктан ал спектаклде жигит мүнөз эрктүү кыз катары сыпатталат.

Бул учурда Ажар куралсыз элди кууп келаткан  аскерлерин жолун тоскондордун катарында эле. 

  

Кытайга качып барган кыргыздарды жергиликтүү эл ар тараптан кыса баштады. 

Качып жүргөн элдин арасынан "өздөн чыккан жаттар" да бар эле. Ал Ажарды жергиликтүү байларга сатып пайда көргүсү келет. 

Ажардын туугандары кызды сатуудан баш тартат. Бирок, аруу кызга көзү түшкөн көпөс анын туугандарын бир шылтоо таап акчага жыгат.   

Доочулар Ажарды өкүмзордукка салып көпөстүн үйүнө алып келет.   

Көпөс эгер Ажар өзүнүн аялы болууга макул болсо, кыздын туугандарын да көр кылбай багып ала турганын убада кылат. Кыз ага көнбөйт.  

Ажар зордукчул жигитти өзүнүн канжары менен өзүн жаралап, мекенин көздөй качты.  

 Касымалы Баялиновдун "Ажар" повести 1928-жылы жарык көргөн. Ошол күндөн ушул күнгө чейин башкы каармандын энесинин кабырында айткан монологу ар бир мектеп сахнасында айтылып келет десек болот. 

Спектакль трагедия менен аяктады. Бирок өз эркиндигин издеп чыккан Ажар өлүмгө тике карады.  

Буга чейин Ажардын элеси энесинин жанында айткан монологунан улам кайратсыз, алсыз, боор ооругудай аянычтуу  болуп сиңип калган. Ал эми бул спектаклде башкы каарман эркиндик үчүн умтулган, мекенин, элин көр дүйнө жыргалчылыгына алмашпаган намыскөй, кайраттуу кыз катары сүрөттөлөт. 

Спектакль көрүүчүлөр тарабынан жакшы кабыл алынды. 

Оюн өкмөттүн жаңы репертуар үчүн бөлүнгөн каражатынын негизинде даярдалган. 

"Ажар" повестин өткөн кылымдын 70-жылдарында Болот Алаков сахнага ылайыкташтырып жазып чыгып, режиссер Алмазбек Сарлыкбеков Каракол театрында койгон. Ошол драма эми Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын жетекчиси, режиссер Эгемберди Чалабаев тарабынан кайра иштелип чыгып, сахналаштырылды.  

 Адабиятчылар Касымалы Баялинов "Ажар" повести менен бүтүндөй кыргыз элинин 1916-жылдагы трагедиясын бергенин айтып келишет.