Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин өкмөт башчылары 7-мартта Бишкекте чогулат. ЕАЭБ жыйыны Кыргызстандын төрагалыгынын алкагында өтөрүн өкмөттүн маалымат кызматы кабарлайт.
Иш-чарага Орусия өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев, Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев, Беларус премьер-министри Андрей Кобяков жана Армения өкмөт башчысы Карен Карепетян катышат.
Жыйында интеграциялык биримдиктин алкагында кызматташууга багытталган маанилүү маселелер талкууланат.
Мындан тышкары 28-февралда Орусия президенти Владимир Путин Кыргызстанга расмий сапар менен келмекчи.