Дастан Сарыгуловдун тарапкерлери митингге чыгышты

Социалдык тармактан алынган сүрөт.

Дастан Сарыгуловду актоону талап кылган ондогон кишилер бүгүн Бишкекте Ак үйдүн алдында митинг өткөрүштү. Алар Сарыгуловго саясий куугунтук болуп жатканын айтып, адилет сот өкүмүн талап кылышты жана соттук териштирүү ачык болушун сурашты.

Сарыгулов "мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга аракет кылган" деп айыпталып, 2016-жылы бир нече ай УКМКнын камагында отурду. Кийинчерээк ден-соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган. Мамлекеттик айыптоо аны 12 жылга эркинен ажыратууну сураган.

Дастан Сарыгулов “Элдик парламент” аталган оппозициялык кыймылдын мүчөлөрүнө шерик деп кармалган. Атайын кызмат алардын аракетинде мыйзам бузуулар болгонун айтып келет. (SE)