Румыния: демонстрациялар 20 күндөн бери токтой элек

Бухаресттеги демонстрациянын катышуучулары.

Румынияда өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылган демонстрациялардын 20-күнүндө суукка жана жамгырга карабай миңдеген адам көчөгө чыкты.

Уюштуруучулар 20-февралда баш калаа Бухаресттеги парламент имаратынын алдына 3 миң киши чогулганын билдирди. Өлкөдөгү экинчи ири шаар Клужда дагы үч миң демонстрант нааразылык акциясына чыкты.

Премьер-министр Сорин Гриндяну элдик толкундоолорго себеп болгон чечимин артка чакырганына карабастан, демонстранттар өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылууда. Өкмөттүн планы ишке ашса, айрым коррупциялык иштер кылмыш жоопкерчилигинен бошотулуп, бир катар аткаминерлер мунапыс алышмак.

5-февралда өлкө боюнча 600 миңдей адам көчөгө чыгып, бул өлкөдөгү коммунизм кулагандан берки эң ири демонстрация болуп калган. Өкмөт башчы кызматтан кетүүгө негиз жок экенин билдирип келет.