Ким Чен Ындын агасын өлтүрүүгө шектелген төртүнчү киши кармалды

Ким Чон Нам

Түндүк Корея лидери Ким Чен Ындын агасы Ким Чон Намды өлтүрүүгө шектелген төртүнчү киши ишембиге оогон түнү Малайзияда кармалды.

Ким Чон Нам ушул өлкөнүн борбору Куала-Лумпурдун аэропортунда 14-февралда уулануудан каза болгон. The Times гезитинин жазышынча, аны өлтүрүүгө алты киши катышкан. Айрым маалымат каражаттары Намдын бетине ууга чыланган чүпүрөк ыргыткан деп жазышты. Өлтүрүү тууралуу так, кенен маалымат жок. Окуя болгон жерде камералар болгон эмес.

Алгачкы күндөрү Вьетнам, Индонезия жана Малайзиянын паспорттору менен үч шектүү кармалган. Түштүк кореялык ММКлар Намды өлтүрүүгө Түндүк Кореянын атайын кызматтары буюртма бериши ыктымал деп жазууда.

Ким Чон Нам Түндүк Кореянын мурдагы лидери Ким Чен Ирдин улуу баласы. Акыркы жылдары негизинен чет өлкөдө жашап, Түндүк Корея бийлигин ачык сындап келген.