Пенс: Украина үчүн Орусия жоопко тартылат

Орусия агрессиясына каршы Киевдеги жүрүштөрдүн бири

Трамптын Путин менен тил табышарын айтып келгенине карабастан АКШ Украинага кийлигишкени үчүн “Орусияны жоопко тартат”. Бул тууралуу Мюнхендеги коопсуздук жыйынында АКШнын вице-президенти Майк Пенс билдирди.

Пенс Орусия ок атышуу режимин сакташы жана 2015-жылкы Минск келишимин колдоосу керектигин, Украина чыгышында жаңжал басылышы зарылдыгын айтып өттү.

Коопсуздук боюнча 53-Мюнхен конференциясы жума күнү башталган. Жекшембиде жыйынтыкталат. Анда эл аралык терроризм, Европадагы коопсуздук, Сирия согушу жана Украина чыгышындагы жаңжал талкууланууда.