Мэттис: Трамп НАТОну колдойт

АКШнын коргоо министри Жеймс Мэттис.

АКШнын президенти Дональд Трамп НАТО уюмун толугу менен колдойт жана коргонууга болгон чыгымды уюмдун бардык мүчөлөрүн тең бөлүшүүгө чакырат. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын коргоо министри Жеймс Меттис 17-февралда Мүнхенде өтүп жаткан коопсуздук жыйында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

- Баарыбыз уюмга мүчө өлкөлөрдүн чек аралары ар башка тараптардан коркунучтарга дуушар болуп жатканын көрүп жатабыз жана мунун артында туруксуздук тилкеси пайда болууда. Биз ал коркунучтарга каршы күрөшүү үчүн альянсты адаптациялоого даярбыз.

Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп НАТОну “эскирген” уюм катары сыпаттап, эгер анын мүчөлөрү коргонуу чыгымдарын көбөйтпөсө, АКШнын колдоосу азаярын да эскерткен. Трамп НАТОну терроризмге каршы күрөшкө жетиштүү көңүл бурбай жатканы үчүн да сындаган.