Казакстандын Жамбыл облусунда жети аскерий кызматкерди кар көчкү басып калды. Бул тууралуу “Казинформ” маалымат агенттиги жазды.
Казакстандын Ички иштер министрлигинин өкүлү Руслан Иманкуловдун айтымында, болжол менен жыйырмадай адамды кар көчкү басып калган. Он адам куткарылып, жетөөнүн сөөгү табылган.
91678 аскер бөлүгүнүн жоокерлери Жамбыл облусунун Көксай капчыгайында аскерий даярдык боюнча пландалган машыгуулар өтүп жаткан маалда кар көчкү жүргөн. Учурда издеп-куткаруу иштери жүрүп жатат.