Британиянын экс-премьери өлкөнүн Еврошаркеттен чыгышына каршы

Британиянын мурдагы премьер-министри Тони Блэр.

Британиянын мурдагы премьер-министри Тони Блэр өлкөнүн Евробиримдиктен чыгуусуна каршылыгын билдирди. Анын айтымында, азыркы өкмөт башчы Тереза Мейдин министрлер кабинети көп чечимдери шашылыш кабыл алууда.

Блэрдин белгилешинче, референдумда добуш берип жатып британиялыктар өлкөнүн биримдиктен чыгуу шарттары тууралуу эч нерсе билишкен эмес.

Экс-премьер-министр калкка Брексит тууралуу өз пикирин өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө чакырды.

Премьер-министр Тереза Мэй ушул жылдын мартында Европа Биримдигинен чыгуу боюнча аракеттер башталарын белгилеген.

Британдыктардын 54% өткөн жылдын 23-июнунда болгон референдумда Европа Биримдигинен чыгуу үчүн добуш берген.

Тони Блэр Британ өкмөтүн 1997-2007-жылдары жетектеп турган.