Депутат Алмамбет Шыкмаматовго кылмыш иш козголду

Алмамбет Шыкмаматов.

Жогорку Кеңештин оппозициячыл “Ата Мекен” фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматовго карата кылмыш иш козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Шыкмаматовго Эсеп палатасында аудитор болуп турган учурунда тендер өткөрүүдө мыйзамдарды бузган деген кине тагылууда. Буга байланыштуу Алмамбет Шыкмаматов менен катар Эсеп палатасынын бир нече өкүлүнө Кылмыш кодексинин “Коррупция” жана “Кызматтык жасалмачылык” беренелери боюнча иш козголду.

Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча, 2011-жылы Эсеп палатасы кызматтык автоунааларды сатып алуу боюнча тендердик комиссия түзгөн. Бул комиссиянын мүчөсү болуп Алмамбет Шыкмаматов да кирген. Комиссия “Мамлекеттик сатып алуулар” боюнча мыйзамды бузуп, тендер өткөрбөстөн кызматтык унааларды жеке жактардан сатып алган. Сатып алынган унаалардын бири Шыкмаматовдун жубайына катталганын прокуратура маалымдады.

Алмамбет Шыкмаматов өзүнө козголгон кылмыш иш боюнча комментарий бере элек.

Алмамбет Шыкмаматов оппозициячыл “Ата Мекен” партиясынын активдүү мүчөлөрүнүн бири. Ал буга чейин Юстиция министри, Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеген. 2015-жылдагы шайлоодо депутаттыкка шайланган. Шыкмаматов акыркы учурда бийликти сындап келген.(BkA)