Адвокаттар Бакиевдерди актоону суранышты

Карганбек Самаков.

Бишкектин Октябрь райондук сотунда каралып жаткан экс-депутат Карганбек Самаков боюнча сотто мурдагы президент Курманбек Бакиев жана иниси Жаныш Бакиевди актоо өтүнүчү айтылды. Аны мурдагы президенттин мамлекет тарабынан жалданган адвокаттары билдиришти.

Ошондой эле мурдагы премьер-министр Игорь Чудинов, Бишкектин мурдагы мэри Арстанбек Ногоевдун адвокаттары да Самаковдун ишине байланыштуу аталган адамдардын күнөөсү жок экенин айтып, кылмыш жоопкерчилигине тартуу негизсиз экенин ырасташты.

Буга чейинки соттук кароодо мамлекеттик айыптоочулар Карганбек Самаковдун мүлкүн конфискациялап, 19 жылга эркинен ажыратууну сураган. Ал эми Самаковго Бишкектин айланасындагы жер тилкелерин бөлүүгө катышы бар деп мурдагы премьер-министри Игорь Чудинов менен биринчи вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевди 11 жылга камоону соттон суранган.

Ал эми мурдагы бийлик ээлери Курманбек Бакиев, Жаныш Бакиевди 18 жылга, Арстанбек Ногоевди 11 жылга эркинен ажыратуу сунуш кылынган.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаков менен башка кызмат адамдарына кылмыш иши мурдагы жылы 14-майда козголгон. Самаков Чүйдүн Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айылдарында 262 гектир жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялаган деп айыпталууда.(BkA)