Чоң-Алайда көчкү бир үйдүн короосун басып калды

Иллюстративдик сүрөт.

Чоң-Алай районундагы Дароот-Коргон айылында 16-февралда кар көчкү түшүп, бир үйдүн короо-жайын басып калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, кар көчкүдөн жабыркагандар катталган жок. Турак-үйгө зыян келген эмес. Учурда чыгымдар эсептелип жатат.

Акыркы күндөрү Кыргызстандын тоолуу аймактарда кар көчкүлөр көп жүрүүдө.(BkA)