Чүйдүн Сокулук районундагы Крупская айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодон кийин жергиликтүү айрым тургундар нааразы болууда.
“Азаттык” радиосуна түшкөн маалыматтарга караганда, айылдык кеңеште депутатттардын көбү 31 жаштагы Жеңиш Эдигеевди башчылыкка шайлашкан. Ага нааразы болгон экинчи талапкер Токтобүбү Ракимбаеванын жакындары Борбордук шайлоо комиссиясына арызданып, жаңы жетекчинин "уюшма кылмыштуу топ менен байланышы бар" деп, аны колдогон депутаттар да санаалаштары экенин айтышкан.
Ушул жаатта арыз келгенин БШК мүчөсү Атыр Абдырахматова да бышыктап, айыл өкмөт башчыны шайлоо 2-февралда болгонун, бирок экинчи тарап даттанууну кеч жазганын билдирди.
-Бизге 10-февралда кайрылышкан. Эреже боюнча нааразылыктар шайлоо өткөндөн соң үч күн ичинде айтылышы керек. Биз арызды прокуратурага өткөрүп бергенбиз.Сокулук аймактык комиссиясынын чечими турат, “шайланды” деген. 2-февралда эле БШКга чечим келген, бирок эмнегедир чечим бекитилбей турат. Шылтоо ошол даттануу болуп жатат.
Абдырахматова чечимдин бекитилбей жатышына кандайдыр кызыкчылыктар болушу ыктымал деген пикирин билдирди.
Крупская айыл өкмөтуңдө 21 депутат бар. Анын он бири Эдигеевди колдошкон. (SE)