Шухрат Сабиров Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 15-февралда кол койгон.
Сабиров буга чейин Ош шаарынын вице-мэри болуп эмгектенип келген. Агенттиктин буга чейинки жетекчиси Болсунбек Казаков Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасына дайындалган. (BkA)