Иран президенти Хасан Роухани Перс булуңундагы коңшулары Оман жана Кувейтке 15-февралда бир күндүк сапар жасады. Бул анын 2013-жылы тактыга келгенден берки алгачкы визити болду. Серепчилер муну Тегерандын аталган өлкөлөр менен ымаланы чыңдоо аракети деп сыпатташууда.
Шиит агымын карманган Иран менен Перс булуңундагы суннит мамлекеттердин, айрыкча Сауд Арабиянын мамилеси чыңалган бойдон калууда. Алар Сирия жана Йемендеги чатактарда ар башка тараптарды колдошот.
Роухани анын өлкөсү “коңшулар менен жылуу мамиледе” болууга дайыма аракет кыларын белгиледи жана шииттер менен сунниттерди биригүүгө чакырды.
Оман лидери Султан Кабус менен жолуккан соң Роухани Йемендеги абалга токтолуп, бул мамлекетте саясий диалог түзүү, гуманитардык жардам жеткирүү маселесин сөз кылды:
-Азыр Йемен катастрофалык абалда. Биз – мусулман өлкөлөрү биригип, аларга жардам беришибиз керек.
БУУнун маалыматына караганда, Йемендеги калабадан улам кырдаал ачарчылык чегине жетти. Иран өкмөт менен тирешип жаткан жикчил-хуситтерди колдоп келүүдө. Йемен өкмөтүн Сауд Арабия баштаган коалиция колдоп, жикчилдерге абадан сокку урууда.