Черногорияда оппозиция лидерлери депутаттык кол тийбестиктен ажырады

Черногориядагы оппозиция лидерлери- Андрей Мандич менен Милан Кнежевич.

Черногория парламенти прокурор Миливой Катничтин талабы менен бүгүн “Демократиялык фонд” оппозициялык кыймылынын лидерлери Андрей Мандич менен Милан Кнежевичти депутаттык кол тийбестиктен ажыратты. Экөө тең бийликти күч менен басып алып аракетине катыштыгы бар деп шектелүүдө.

Черногориянын НАТО менен жакындашына каршы чыгып, Орусия менен тыгыз байланышта болууну көздөгөн эки саясатчы жакын арада камакка алынышы мүмкүн.

Мандич менен Кнежевич 15-февралда жүздөгөн тарапташтары менен бирге парламент имаратынын алдына келип, бийликтен оппозициячыл саясатчыларды куугунтуктоону токтотууну талап кылышты.

2016-жылдын октябрь айында өткөн парламенттик шайлоодо оппозциялык партиялар парламенттеги 81 орундун 39уна ээ болушкан. Мындай жыйынтыкка макул эмес саясатчылар күздөн бери парламенттин ишин бойкоттоп келишет.

Прокуратуранын маалыматына ылайык, Мандич жана Кнежевич экс-премьер-министр Жукановичти өлтүрүп, мамлекеттик мекемелерди басып алуу менен төңкөрүш уюштууруну көздөгөн кылмыштуу топту түзгөн деп шектелип жатышат. Бул иш боюнча Сербиянын жыйырмадай, Орусиянын эки жараны да шектелүүдө.