Аблязовду кайрадан Астанага суракка чакырышууда

Мухтар Аблязов

Казакстандын Коррупцияга каршы күрөшүү бюросу бозгундагы оппозициялык олигарх, мурунку банкир Мухтар Аблязовду БТА банктын “каражатын кымыруу” иши боюнча тергөөгө кайра чакырды. Маалыматка караганда, Аблязов суракка 15-февралдан кеч калбай келиши керек.

Мухтар Аблязов БТА банктын директорлор кеңешинин төрагасы болуп турган маалда жети миллиарддан ашуун доллар уурдалганы жана бул факт боюнча иликтөө жүрүп жатканы айтылууда.

Аблязов кылмыштуу топтуу түзүүгө жана жетекчилик кылууга, кылмыштуу жол менен алынган акчаны адалдоого, банктын каражатын мыйзамсыз колдонууга жана кызмат абалынан кыянат пайдалануу менен мүлктү чыгымга учуратууга шектелген.

2013-жылдан бери француз түрмөсүндө жаткан Аблязов 2015-жылы сентябрда эркиндикке чыккан. Франциянын Мамлекеттик кеңеши оппозиционерди өткөрүп берүү боюнча чыккан чечимди жокко чыгарган. Мындай кадамын кеңеш Аблязовдун саясий себептерден улам куугунтукка алынганы менен түшүндүргөн.

Коррупцияга каршы күрөшүү бюросу Аблязовду 10-февралда да суракка чакырганын бирок ал келбегенин, себебин түшүндүрбөгөнүн белгиледи.