"Космопаркка" бомба коюлганы тууралуу кабар жалган болуп чыкты

Бишкектеги "Космопарк" эс алуу борборуна бомба коюлганы тууралуу кабар жалган болуп чыкты. Милицияга алдап телефон чалган адамдын аты-жөнү аныкталды. Аны кармоо боюнча аракеттер жүрүп жатканын "Азаттыкка" Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматтарга караганда, 14-февралда саат 19:05те белгисиз киши Октябрь райондук милициясына чалып, “бомба” тууралуу кабарлаган. Милициянын ыкчам тобу, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин адистери жана саперлор издөө-иликтөө иштерин жүргүзүп, бомба табышкан эмес.

Бишкекте буга чейин да бир канча жолу милицияга ушундай билдирүү түшүп, кийин жалган болуп чыккан. (SE)