Стамбулдагы түнкү клубга кол салуунун уюштуруучусу кармалды

Стамбулдагы түнкү клубга кол салуудан 39 адам өлүп, 65 адам жарадар болгон.

Түрк маалымат каражаттарынын 14-февралдагы маалымдоосу боюнча, 39 адамдын өлүмүнө алып келген түнкү клубга кол салуунун уюштуруучусу катары теги түрк француз жараны 12-февралда Стамбулда кармалган.

Бийлик аны А.S. деп атап, чабуулдун уюштуруучусу деп билдирүүдө. Стамбулдагы түнкү клубга кол салган өзбек улутундагы Абдулкадир Машарипов 16-январда Стамбулда кармалган.

39 адам өлүп, 65 адам жарадар болгон чабуул үчүн “Ислам мамлекети” террордук уюму жоопкерчилик алган эле. (AiT)