Чоң-Алайда көчкү алдынан 8 киши куткарылды

Иллюстративдик сүрөт.

Аларды кар көчкү басып калган унаалардан Чоң-Алай ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери алып чыгышкан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.

13-февраль күнү, саат 15:50дө Дароот-Коргон –Чак –Жаштилек жолуна көлөмү үч миң кубметр болгон кар көчкү түшкөн. Көчкү «ДЭУ Матиз» жана «Нива» үлгүсүндөгү автоунааларды басып калган. Куткарылгандардын баары аман-эсен. “Матиз” унаасында эки, ал эми “Нива” үлгүсүндөгү автоунаада 6 киши болгон.

Ошол эле күн Сары-Таш – Карамык жолуна 500 кубметр көлөмдөгү кар көчкү түшүп, жол жабылган. Жапа чеккендер жок.

Транспорт жана жол министрлигинин тиешелүү техникалары жолду тазалоо иштерин жүргүзүп, каттам эки тарапка тең ачылды.(ZKo)