Украина Дүйнөлүк соода уюмуна кайрылып, Орусия аркылуу ташыла турган товарларга киргизилген чектөөнүн мыйзамдуулугун кароону суранды. Даттанууда маселени териштирүүгө атайын жумушчу топ түзүү сунушу айтылат.
Москва 2016-жылы киргизген мындай чектөө Украинадан Кыргызстанга, Казакстанга жана Өзбекстанга жасала турган экспорттун дээрлик 95 пайызына таандык.
Орусия президенти 2016-жылдын 1-январынан эркин соода макулдашуусундагы Украинага тийиштүү бөлүктү тоңдурган. Ошол жылы 1-июлда бул чектөө 2017-жылдын соңуна чейин узартылган. (SE)