Арым Кубаттын тасмасы Берлинале фестивалында көрсөтүлүүдө

Актан Арым Кубат

Кыргызстандык режиссер Актан Арым Кубаттын “Кентавр” аттуу тасмасы Берлинале фестивалынын “Панорама” бөлүгүндө көрсөтүлүүдө. Фильмдин дүйнөлүк премьерасы 10-февралда болду. “Ат адамдын канаты” деп башталган тасмада Камбарата тукуму кырылып баратат деп, жылкылардын союлушуна каршы чыгып, күлүк аттарды уурдай качкан, кудайын издеген айылдык Кентавр аттуу адамдын жашоосу баяндалат.

Германия, Франция, Голландия жана Кыргызстан биргеликте тарткан тасмада баш каармандын образын фильмдин режиссеру Актан Арым Кубат өзү жаратты.

1985-жылы Төлөмүш Океевдин “Ак илбирстин тукуму” фильми атактуу Берлин фестивалында “Күмүш аюуну” утуп алган. Андан бери фестивалда кыргыз киносу көрсөтүлө элек болчу.

“А” класстагы Берлин кинофестивалына бул жылы баш-аягы 400дөй тасма катышууда. "Кентавр" тасмасы фестивалда 19-февралга чейин көрсөтүлөт. Кыргызстанда март айынын аяк жагында көрсөтүлө баштайт. (MTo)