Чүйдө окуучу кыздын сабалышын комиссия иликтейт

Чүйдө окуучу кыздын классташтары тарабынан сабалышын иликтөөчү комиссия түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн Билим жана илим министрлигинен кабарлашты.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя Москва районуна караштуу Ак-Суу айылынын №2 орто мектебинде болгон.

Окуянын чоо-жайы тууралуу азырынча расмий маалымат жок.

Комиссиянын курамына министрликтин, Бишкек шаардык жана Чүй облустук билим берүү башкармалыктарынын өкүлдөрү кирди. (RK)