Мындай талап президенттикке талапкерлердин баарына коюлушу керек деген пикирин “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн Бишкекте өтүп жаткан саясий форумда билдирди:
- Көрүп жатабыз. Азыркы президент өзүнүн партиясы үчүн кандай аракеттерди көрүп жатканын. Ошондуктан, президенттикке талапкер адамдар өлкө башчысы болуп калса партиясынан, дегеле саясаттан кетем деп убада бериши керек.
Өмүрбек Текебаев шайлоо таза болушу үчүн "мураскер" операциясы болбошу керектигин айтып, "мураскер" катышса административдик ресурс сөзсүз колдонуларын белгиледи. “Ата Мекен” партиясынын лидери мураскерге каршы күрөшүүгө саясатчылардын баары милдеттенме алышы керектигин да айтып кетти. (EBM/ZKo)