Анда Бажы союзунун “Транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндөгү” техникалык регламентине ылайык, Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттерге башка өлкөлөрдөн келип жаткан автоунаалардын коопсуздугун камсыздоо чараларын көрүүгө Кыргызстан милдеттүү деп айтылат. 12-февралдан тарта бул милдеттенме күчүнө кирди. Өкмөттүн билдиришинче, бул токтомдун долбоору бардык тараптар менен макулдашылган жана ишкерлер чөйрөсү менен коомдук талкуудан өткөн. Ал эреженин негизинде, транспортту Мамлекеттик каттоого алуу диагностикалык борбор берген документ аркылуу гана ишке ашат. Азыркы кезде Экономика министрлигинин алдындагы акредитация борбору мындай документти бере алат.
Мындан мурда коомчулук автоунаа каттоо боюнча дүрбөлөңгө түшкөн эле. Өкмөт муну провакация катары баалап, элди ага алдырбоого чакырды. Автоунааларды каттоо жана кайра каттоо мамлекеттин көзөмөлүндө экенин, транспорт конструкциясынын коопсуздугу тууралуу күбөлүк Алматы шаарында эмес, Кыргызстанда берилерин билдирди.
Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына таянсак, жарандар өлкөгө 2014-жылы 106 770, 2015-жылы - 2282, былтыр 200 гана автоунаа алып келинген. Буга байланыштуу Кыргызстандагы автоунаалардын көбү өлкө ЕАЭБге кире электе киргени өкмөттүн маалыматында белгиленген.