Филиппинде жер титирөө төрт адамдын өмүрүн алды

Филиппиндин түштүгүндө күчү 6,5 баллга жеткен жер титирөө катталып, алдын ала маалыматтар боюнча төрт адам каза тапты. 120га жакыны ар кандай жаракат алды. Анын очогу Суригао провинциясынын борборунун түндүк-батыш тарабында, 14 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Жергиликтүү сейсмологдордун билдиришинче, бул зилзаладан кийин бир күндө жүзгө жакын майда жер титирөө катталган. Бийлик жүздөгөн имараттарга доо кетип, аталган провинцияда электр жарыгы өчүп калганын билдирди.