Президент тышкы саясаттагы иштер жөнүндө маалымат алды

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды. Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдиргендей, жолугушууда Атамбаев тышкы саясаттагы иштер жөнүндө маалымат алды.

Абдылдаев ошондой эле алдыдагы пландар тууралуу айтып берди. Тараптар Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен эл аралык уюмдардын алкагындагы ишти жакшыртуу маселесин талкуулашты. (NT)