АКШ армиясынын Ооганстандагы операцияларынын кол башчысы Жон Николсон талиптерге каршы согуш туңгуюкка такалганын айтты. Генерал Сенаттын Куралдуу күчтөр боюнча комитетинде ошондой эле Орусия “АКШ жана НАТОнун аракеттерине көлөкө түшүрүү үчүн” "Талибанга" жашыруун да, ачык да көмөгүн көбөйткөнүн белгиледи. НАТОнун күчтөрү Ооганстандан 2014-жылы чыгып кеткенден кийин америкалык 8 миң 400дөй аскер калган. Ошондон бери Кабул өкмөтүнө каршы күрөшкөн согушкерлер улам бир аймакты өз көзөмөлүнө алып келатышат. Николсон ооган армиясы чоң жоготууларга учурап жатканын айтып, туңгуюктан чыгуу үчүн америкалык жана башка чет өлкөлүк аскерлердин жардамы керек деди. Ооган куралдуу күчтөрү ошондой эле паракорлук жана командачылыктагы проблемалардан жабыркап келатат. Талиптер менен кармаштар өзгөчө апийимге бай Гилменд чөлкөмүндө курч жүрүүдө.