2016-жылы энелердин өлүмү азайды

Кыргызстанда аялдардын төрөткө байланыштуу өлүмү боюнча көрсөткүч кыскарууда. Бул тууралуу бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлигинде өткөн жыйында айтылды.

2015-жылы 63 аял кош бойлуу кезинде, төрөт маалында же төрөттөн кийин каза болсо, 2016-жылы 47 аял өмүрү менен кош айтышкан.

Дээрлик 32% жыныстык органдарынын оорусунан, 21% кан басымы өтө жогорулап кеткенинен, ал эми 19% кан көп кетип калганынан көз жумган.

Көрсөткүчтүн кыскарышын Саламаттыкты сактоо министрлиги эл аралык өнөктөштөр менен чогуу алдын алуу иштерин жүргүзүп жатышынын натыйжасы катары баалоодо. (RK)