Кыргызстанда "Экспорт кербени" маалымат өнөктүгү башталууда. Экономика министринин орун басары Элдар Абакировдун айтымында, акция БУУнун Өнүктүрүү программасынын "Соодага көмөктөшүү" долбоорунун негизинде 21-февралдан 20-мартка чейин республиканын бардык аймактарында өтөт.
Максат - жергиликтүү товар өндүрүүчүлөргө тышкы рынокко чыгуунун жол-жобосу, артыкчылыктары, потенциалдуу инвесторлор тууралуу маалымат берүү.
2015-жылы Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенде өкмөт ишкерлер, товар өндүрүүчүлөр үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр ачыларын айткан. Бирок көпчүлүк бизнесмендер азырынча ЕАЭБдин пайдасын көрө электигин айтууда. (RK)