Мамкаттоо башчысы Сарпашевди иштен алуу сунушталды

Тайырбек Сарпашев

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашевди ээлеген кызматынан бошотууну сунуш кылууда. Бул тууралуу кат премьер-министр Сооронбай Жээнбековго жөнөтүлгөнүн башкы көзөмөл мекемесинен кабарлашты.

Мындай сунушка Бишкектин Скрябин көчөсүндө жайгашкан жер тилкесине коюлган арестти жокко чыгаруу тууралуу сот чечимин аткаруу боюнча шаардык Мамкаттоого берген жазуу түрүндөгү тапшырмасы негиз болгон.

"Мамкаттоо кызматына соттун бул чечими кайрадан каралып жатканы тууралуу расмий билдирүү жөнөтүлгөн, Сарпашев тапшырма берип жаткан маалда район аралык сот шаардык соттун чечимин токтоткон болчу" деп маалымдайт Башкы прокуратуранын пресс кызматы.

Бишкек шаарындагы Максим Бакиевге тиешелүү, сатууга тыюу салынган Скрябин 45-а дарегинде катталган 1,28 гектар жер сатылып кеткен. Бул маселе коомчулукта, парламентте кызуу талкуу жаратып, Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия түзүлгөн. (RK)