Түркия колдогон сириялык козголоңчулар ал-Баб шаарчасын карай жылды

Түркия армиясынын ал-Баб шаарчасын карай бара жаткан унаалары. 4-январь, 2017-жыл.

Түрк армиясы билдиргендей, алар колдогон сириялык козголоңчулар ал-Баб шаарчасынын айланасынан стратегиялык мааниси бар дөңсөөлөрдү ээлешти. Аталган шаарча өзү азыр “Ислам мамлекети” тобунун көзөмөлүндө турат.

Түркия армиясынын 8-февралдагы билдирүүсүндө аба соккулардын, артиллериядан атуулардын жана уруштардын аркасында ИМ тобунун 58 согушкери жок кылынганы, түр армиясынын эки жоокери да мерт болуп, 15и жеңил жаракат алганы айтылат.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу алардын кийинки бутасы ИМ тобунун Сириядагы таянычы катары саналган Ракка шаары болорун белгиледи.

Байкоочулар баамында, ал-Баб шаарчасы үчүн уруш Түркия менен Сирия армияларынын кагылышуу мүмкүнчүлүгүн жаратууда. Сирия армиясы бул шаарчанын түштүк чет-жакаларына карай сүрүлгөн.

Бул окуяларга тушташ 7-февралда АКШ президенти Дональд Трамп менен Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогандын телефон сүйлөшүүсү болгон.

Ак үй билдиргендей, телефон сүйлөшүүдө Трамп Түркиянын “ИМ” тобуна каршы күрөшкө кошкон салымын кубаттаган.

Эрдогандын кеңсеси болсо эки президент ИМ тобунун ал-Баб жана Раккадагы согушкерлерине каршы чогуу аракеттенүүнү макулдашканын маалымдады. (UE)