Кыргызстандын Миграция кызматы Орусияда жүргүнчү ташып иштеген кыргызстандык жарандар арасында жол коопсуздугу боюнча түшүндүрүү ишин баштады. Мамлекетик миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгүнүн адиси Доорбек Абдразаков "Азаттыкка" билдиргенине караганда, соңку кезде жол эрежесин бузганы үчүн жазага тартылган кыргызстандыктардын саны көбөйүп жатат. Ошол себептен негизги эрежелер жазылган буклет-баракчалар таратыла баштады.
Алгач Москвадагы Тульская, Добрынинская жана Павелецкая метро станцияларынын жанында таксист болуп иштеп жаткан кыргызстандык айдоочулар менен жолугушуу өткөрүлүп, 100дөй баракча таратылып берилди.
"Баракчада эрежелер жөнөкөй, жеткиликтүү тил менен жазылды" дейт Абдразаков.
Жол коопсуздугунан тышкары бул буклеттерде Орусияда жана Евразия экономикалык биримдигинин аймагында иштеген кыргызстандык жарандардын медициналык, пенсиялык жана социалдык укуктары тууралуу маалымат камтылган.
Жол коопсуздугу боюнча тиркемени Мамлекеттик миграция кызматы басып чыгарып, анын адистери такси токтогон жайларда, метро, авиакассалардын жанында таратууда. (RK)