Бишкектеги кытай кафесинен 100 миң сом каракталды

Бишкектеги «Цзи Сян» кытай кафесинен каракчылар 100 миң сом алып кетишти. Бул тууралуу бүгүн шаардык милициядан кабарлашты.

Окуя дүйшөмбү, 6-февралдын кечинде болгон. Бет кап кийген, куралчан төрт адам кафеге кирип барып ок чыгарган. Коркутуп-үркүтүп, кассадан 100 миң сомду алып качкан.

Кылмыш иш козголуп, тергөө жүрүүдө. Кол салгандар кармала элек. Адамдардан эч ким жабыркаган жок. (RK)