Трамп НАТОнун жыйынына катышат

АКШ президенти Дональд Трамп.

Ак үйдүн маалымдоосуна караганда, АКШ президенти Дональд Трамп НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө Украина чыгышындагы абалды талкуулап, НАТОго мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин май айында боло турган жыйынына катышарын билдирген.

5-февралда таратылган билдирүүдө Украина чыгышындагы жаңжалды тынчтык жол менен чечүүнүн жолдору талкууланганы айтылат. АКШнын мурунку администрациясы 2014-жылы Крымды аннексиялоо жана чыгыш Украинада жикчилдерди колдоосу үчүн Орусияга санкция киргизген. Акыркы жумада Авдеевка шаарчасынын айланасында кырдаал кескин курчуп, 35 кишинин курман болушуна алып келди.

Дональд Трамп буга чейин НАТОну сынга алып, аны “эскирген” уюм деп атаган жана Орусия менен мамилени жакшыртууну жактаган. Бул Европа мамлекеттеринин сынына кабылган. Бул жолу Столтенберг менен сүйлөшүүдө Трамп НАТОго “бекем колдоо” билдирип, бирок НАТОго мүчө өлкөлөр коргонуу үчүн чыгашасын көбөйтүш керектигин белгилеген. (AiT)