Бишкекте кабат үйдөн секирип, боюн таштамай болгон кыз куткарылды. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө Кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Окуя жекшемби күнү Бишкектин Октябрь районунда болгон.
"Улан-2 кичи районунда кыз үйдүн үстүнөн секирип өзүн өлтүрмөк болгон. Куткаруучулар аталган дарекке барып, кызды аман-эсен алып түшүп, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти. 10 куткаруучу тартылган" деп айтылат ӨКМ тараткан маалыматта. (RK)